Кочкордо калкты тейлөө борбору ачылып, 104 жаштагы апа паспортун алмаштырды
- 14.11.2020, 10:47,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Нарын облусунун Кочкор районунда калкты тейлөө борбору ачылып, алгачкы кызматын 104 жаштагы кемпирге көрсөттү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда апанын 1994-жылкы паспортун алмаштыруу үчүн калкты тейлөө борборунун мобилдик тобу анын жашаган үйүнө барып, документтерин кабыл алган.