У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстанга жардам берүү ниетин билдиришти


Казакстандык басылмалар коңшу Казакстан менен Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнө экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтө тургандыгы тууралуу жазып чыгышты. Маалыматка караганда эки өлкөнүн башчылары  Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө макулдашкан. 

"Борбордук Азиядагы кырдаалды талкуулоо учурунда мамлекет башчылары аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттер жөнүндө макулдашууга жетишти. Казакстан менен Өзбекстан кыргыз элине экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтөт", - деп жазылган билдирүүдө.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter