Аламүдүндүн прокурору жана орун басары пара менен кармалды
- 12.11.2020, 10:47,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору Эдилбек Стакеев жана анын орун басары пара менен кармалды. Бул тууралуу 12-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Маалыматка ылайык, алар айыпталуучулардан дайыма акча алып келишкен.
Алар кечээ, 11 – ноябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.