У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Көчөлөрдү хлор менен дезинфекциялоо иштери токтотулду


Мындан ары көчөлөрдү хлор менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева билдирди. 
 
«Пандемия башталгандан тартып мамлекет тарабынан миллиондогон каражаттар вирус менен күрөшүүгө жумшалууда. Бирок, жумшалган каражаттардын максаттуу пайдаланганы жөнүндө парламенттин да, элдин да кабары жок. Эми ар бир статьясы каралат. Кечээ, республикалык штабдын отурумунда, көчөлөрдү хлор менен дезинфекциялоону токтоттук. Үнөмдөө процесси ачык, өкмөттүн социалдык тармактагы киреше-чыгашасы элибиз, салык төлөөчүлөр жана донорлор үчүн түшүнүктүү болуш керек»,-деди Сурабалиева. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter