У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Элвира Сурабалидева КСДП партиясынын курамынан чыкты


ЖКнын депутаты, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсү Элвира Сурабалиева партиянын лидеринин милдетин аткаруучу Анвар Артыковго партиянын курамынан чыгуу тууралуу арыз берди. Бул тууралуу КСДП партиясынын жетекчисинин орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди. 
 
«КСДПнын лидеринин милдетин аткаруучу Анвар Артыковдун атына ЖКнын депутаты Иса Өмүркулов, Кожобек Рыспаев, Элвира Сурабалиева жана Анарбек Калматовдон партиянын курамынын чыгуу тууралуу арыз келип түштү. Эске салсак, Иса Өмүркулов менен Кожобек Рыспаев КСДПнын саясий кеңешинин чечими менен партиядан 2018-жылы эле чыгарылган. Ал эми Элвира Сурабалиева менен Анарбек Калматовдун арызы партиянын саясий кеӊешинде каралат»-деди Жолдубаева. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter