Коррупциялык кылмыштардан бир айда 575 млн сом өндүрүлдү
- 05.11.2020, 15:49,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшү кызматы тарабынан коррупцияга байланышкан кылмыштарды тергөөнүн алкагында мамлекеттин бюджетине келтирилген зыяндын 575 миллион сому бюджетке кайтарылды. Бул тууралуу - Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык 575 млн сом октябрдын башынан тартып 5-ноябрга чейинки аралыкта өндүрүлгөн сумма.