У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Финпол: "Кытайга 180 миллион долларды мыйзамсыз чыгарып кеткен жаран кармалды"


Кыргызстандан Кытайга 180 миллион долларды мыйзамсыз чыгарып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорундагы бөлүмү ыкчам-издөө иш-чарасын жүргүзүп, салык төлөөдөн качкан кылмыштуу топтун ишине бөгөт койгон. Натыйжада товар сатып алуу деген негиз менен 180 миллион доллардан ашуун каражат Кытайга мыйзамсыз түрдө жөнөтүлгөнү аныкталган.

"Тергөө кылмыштуу топтун жасаган мыйзамсыз иштеринин натыйжасында Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 1,1 миллиард сом зыян келтирилгенин тактады. Башкача айтканда, алар ири суммада салык төлөгөн эмес", — деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектелип 29-октябрда А.У. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter