У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Кыргыз темир жолу» башкармалыгынын жетекчиси кармалды


«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси Канат Жетенбаев кармалды. Ал кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп шектелүүдө. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирди.
 
Маалыматка ылайык, кармалган бөлүм башчы башка адамдар менен бирге тиешелүү уруксат кагаздары жок эле темир жол вагондорун араалап сатып, пайда көрүп келгени аныкталган. Мындан улам мамлекетке ири көлөмдө материалдык чыгым келтирилген. 
 
Мекеменин билдиргенине караганда, ишкананын балансындагы керектен чыккан мүлк мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен макулдашуудан кийин гана жок кылынышы керек. Бирок фонд вагондорду жок кылууга уруксат кагазын бербегенин билдирген. 
 
Кармалган жетекчиге бүгүн Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалат.
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter