Саламаттыкты сактоо министри 2-чейректи да онлайн окутууну сунуштады
- 26.10.2020, 14:26,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Коронавирус илдети күч алып жатканына байланыштуу саламаттыкты сактоо министрлиги 2-чейректи дагы онлайн улантууну сунуштады. Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 26-октябрдагы брифинг учурунда билдирди.
«Учурда экинчи толкун күч алып жатат. Күн сайын 500дөн жаңы учур катталууда. Биз июнь-июль айларындагы кырдаалдын кайра кайталанбашы үчүн болгон аракети көрүп жатабыз. Эпидемиологиялык абалды эске алып, мектептерде 2-чейректи да онлайн окутууну сунуштадык. Маселени штаб карап чыгат», — деди Бейшеналиев.