У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Фарида Карбосова, ырчы: «Бала жытын сагынып, бала түйшүгүн тарткым келип жүрөт»



- Кимге эмне жетишпесе ал ошол  темага көбүрөөк кайрылат экен. Арзуу ырларына басым жасооӊуздун сыры жеке жашооӊузга байланыштуу эмеспи?
- Айрым адамдар ошондой ойлойт экен. Ырларымдын менин жеке жашоомо эч кандай байланышы жок. Мага ырдын тексти жакса болду, ырдай берем. Бирок мен ырдаган ырдагы турмуш биздин адамдардын башынан өтүп эле жатпайбы. Ал ыр менин жашоомо тиешеси жок болсо да башка бир адамдын бүтүндөй жашоосу да. Ырлар деле жөн жерден жазылбаса керек.  Акын элдин жашоосун, бирөөнүн кайгысын, бирөөнүн кубанычын көрүп ыр жаратат эмеспи. Ошондуктан ырлар элдин жүрөгүнөн орун алып өмүр сүрүп жатат да.  Бир жолу бир эже сени да жолго таштап кетти беле деп сураса таӊ калып калгам. Көрсө, «Аясаӊчы» деген ырымдагы  ара жолго кызын да таштап койбосо деген саптарды угуп, ал да ырды менин жашоом менен байланыштырып коюптур. 

- Чыгармачылыктын арты менен эмнеге жетише алдыӊыз, материалдык байлык топтой алдыӊызбы?
- Көп дос күттүм, азыр- көптүр атымды чыгардым, күйөрмандарды таптым. Социалдык тармактардан күйөрмандарымдан жаман пикир укпайм. Ушуга шүгүр дейм. Ал эми байлык жөнүндө айтсам, үйлүү болдум, астымда машинам бар. Бирок мунун баарына дароо эле, жеӊил эле жетип калган жокмун. Баары акырындык менен ишке ашты. Булар менин 21 жылдык эмгегимдин үзүрү. Негизи жулунбай, барга шүгүр кылып ак эмгек менен аракет кылсаӊ максаттар орундалат экен. 

- Чыгармачылыкта го максаттар орундалып жатыптыр, жеке жашоодон аксап калган жоксузбу?
- Мени түйшөлтөкөн, ойго салган суроолордун бири. Дайыма ушул суроого жооп берерде  жарга такалам. Ооба, жеке жашоодон аксадым. Жаш кезимде эле турмушка чыгып балалуу болуп албай деп көп ойлоном. Жаш өткөн сайын сынчыл болуп калат экенсиӊ.  Музыка деп жүрүп өзүмчүл болуп алдым окшойт… Азыр бала жытын сагынып, бала түйшүгүн тарткым келип жүрөт. 

- Жактырган адамыӊыз бар экенин, ал сизди колдоорун көп айтасыз. Экөөӊүздөрдүн бир коломтодон түтүн булатышыӊыздарга эмне тоскоолдук кылып жатат?
 - Мен артка тартып келдим окшойт. Чыгармачылыкты биринчи орунга коюп, сахна, ыр деп жүрүп убакыттан утурдук. Ал баарына даяр болуп баш кошолу дегенде чыгармачылыгым аксайт, атымды жасап алайын, ырдап  алайын, турмушка чыксам түйшүк менен иштей албай калам деп коркуп койдум. Негизи чечкиндүү болуп, сааты чыкканда жок дебеш керек экен. Буюрса, эми да кеч эмес. Өз бактымды таап, наристе жытап эне статусуна ээ болом деп ишенем. 
Жаркынай Кадыркулова 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter