У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ата-энеси мектептен окуудан баш тартса, окуучу аралыктан окууга калтырылат

 6-октябрынан тарта 1-6-класстын окуучулары жалпы билим берүү мекемелеринде (менчик түрүнө карабастан) салттуу түрдө окуй баштайт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 
 
Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге билим берүү процессин реалдуу режимде жандандырууда санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыкты.
 
Ага ылайык, билим берүү уюмдарында мугалимдердин дене табы өлчөнүп турууга жана бет кап режимин сактоого тийиш. Ошондой эле кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда илдеттин белгилеринин бар же жогу боюнча анкета толтуруп турушун уюштуруу шарт. Ал эми мектеп балдар келгенге чейин дезинфекцияланууга тийиш. 
 
Балдарды мектептен окутуу чечими ата-энелердин ыктыярына калтырылып, мектеп жетекчилиги менен келишим түзүшөт. Эгер окуучунун ата-энеси салттуу түрдө окуудан баш тартса, окуучу аралыктан окууга калтырылат.   
 
Окуу процесси Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге иштелип чыккан алгоритмге ылайык жүргүзүлөт.
 
Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен салттуу түрдө окутууга алдын ала даярдык көрүү чараларын көрүшкөн. Азыркы учурда бардык регионалдык билим берүү мекемелерине окууга даярдык тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter