Бишкекте эски аянтка куралчан күч кызматкерлери топтолууда
- 05.10.2020, 17:29,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ушу тапта Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын митинги өтүүдө. Аларды эски аянтта, тагыраагы Өкмөт үйүнүн алдында атайын кийимчен күч кызматкерлери атайын техника, желим ок атуучу куралдар менен карап турушат.
Айрым милиция кызматкерлери Тарых музейинин артындагы бактардын арасында отурат.
Бир нече автобустун ичинде жана Кыргыз мамлекеттик драма театрынын капталында да милиционерлер отурганын көрүүгө болот. Ички иштер министрлиги бул аракеттерге расмий комментарий бере элек.