У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ишкерлер таза сууга 57 миллион сомдун тегеригиндеги карызын төлөй элек


Ишкерлер "Бишкек суу канал" ишканасына 57 миллион сомдун тегеригиндеги карызын төлөбөй жатканын Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматта "Бишкек суу канал" ишканасынын дебиттик карызы 152 миллион 696 миң 995 сомду түзгөнү айтылат.

"Таза суу үчүн жалпы карыздын ичинен бюджеттик уюмдардын - 5 миллион сомдон ашык, шаардыктардын 90 миллион сомдон ашык карызы бар. Бирок эң эле көп суммадагы бересе ишкерлер менен соодагерлерге жазылган. Арасында Сокулук жана Аламүдүн райондорунун айылдык аймактары дагы бар.

Карантин маалында "Бишкек суу канал" бир дагы мүнөт таза суу берүүнү токтоткон эмес. Ишкана социалдык маанилүү объектилерди, оорукана, бейтапкана жана турак үйлөрдү суу менен камсыз кылып жатты. Шаардыктардын социалдык абалын түшүнүү менен кабыл алып, дебиттик карыздарды туум жок жазышты. Шаардын тургундарын жана ишкерлерди карыздарынан кутулууга чакырабыз. Дебиттик карыздар жабылбаса, сууну өчүрүүгө мажбур болобуз", - деп жазылат маалыматта.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter