У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нурболот Үсөнбаев: «Базарларды дезинфекциялоодо адамга зыянсыз болгон кошулмалар колдонулат»


Хлор затынан уулануу пневмония оорусун пайда кылбайт. Бул тууралуу 28-сентябрдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.  
 
“Базар – адамдар абдан көп чогулган жер болуп саналат жана санитардык нормалар дайыма сакталбайт. Ошондуктан базарларда алдын алуу чаралары сөзсүз керек. Дезинфекциялоодо адамга зыянсыз болгон концентрациялар колдонулат. Хлор затынан ууланган учурлар катталган эмес жана хлор затынан уулануудан улам пневмония илдети менен катталган учурлар жок”, - деди Үсенбаев.

Эске салсак, базарда иштеген жарандар базарларды дезинфекциялагандан кийин  ооруп калгандыгын айтышып, дезинфекциялоодо колдонулган хлор адамдардын пневмония менен оорусуна себеп болгон деген пикирлерин билдиришкен.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter