Президент Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилөө жарлыгына кол койду
- 21.09.2020, 15:29,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Өкмөткө төмөнкүлөр сунушталды:- Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөө менен байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү;
- Даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын 2020-жылдын 1-декабрына чейин бекитүү;
- Аталган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды республикалык бюджеттен бөлүүнү кароо;
- Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө президенттин аппаратынын жетекчисине жүктөлсүн
КРдин Жогорку Совети 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алган. Ага ылайык, өлкө көз карандысыз, эгемендүү, демократиялык мамлекет деп жарыяланган.