У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Майрамыңыздар менен эгемендүү кыргыз эли!


Бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү борбордук аянтта  белгиленип жатат. Жыл сайын аянт толо эл менен белгиленген аталган майрам бүгүн көрүүчүлөрсүз, онлайн форматта өтүүдө. Буга коронавирус пандемиясынан улам жарыяланган карантиндик чектөөлөр себеп болууда. 

Республиканын Жогорку Кеңеши 1990-жылдын октябрь айында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргызстан Республикасына өзгөртүп, 1990-жылдын 15-декабрында республиканын Эгемендик декларациясын кабыл алып, 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү жарыялаган.

""Фабула kg"  сайты жана ""Фабула пресс" гезитинин жамааты жалпы кыргызстандыктарды эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз! Байрагыбыз желбиреп турсун!


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter