У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Боронов: "Дарыларды камдайлы, форс-мажордук абалга туш келип калышыбыз мүмкүн"


"Форс-мажордук абалга туш келип калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан дары-дармектерге муктаждык жаралбаш үчүн запасын камдайлы",- деди премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында. Ошондой эле  тийиштүү мекемелерге дары-дармектерди толуктап туруу тапшырмасын берди.

"Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ушул тапта республикада зарыл медикаменттердин үч айга жетиштүү көлөмү бар. Бул жакшы, бирок айрым учурда форс-мажордук абал болуп калат. Мисалы, COVID-19дун биринчи толкуну катталганда айрым дарылар жок болуп, эл кыйналды. Экинчи толкун болушу мүмкүн деп айтылып жатат. Андыктан дары-дармектерге муктаждык жаралбаш үчүн ар кандай жагдайга даяр турушубуз керек", — деди Боронов.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter