Мэриянын кызматкерлери Бишкекти сындаган блогер Варламовго ыраазычылык билдиришти
- 18.09.2020, 15:45,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 18-сентябрда шаардык мэриянын кызматкерлери орусиялык блогер
Илья Варламовго ыраазычылык билдирген сүрөттөр соцтармактарга жарыяланды.
"
Биздин өлкө, Бишкектин сонун адамдары тууралуу айткан жылуу сөздөрүнө рахмат", - деп жазышкан муниципалитеттин кызматкерлери.
Эске салалы, варламов Бишкек тууралуу 1 сааттык видеорепортажын жарыялаган. Анда шаар 90-жылдардагы абалы өзгөрбөй калып калганын, өнүгүү жок экенин айткан. Ал эми кыргыз элин жакшы эмес шаарда жашаган жакшы адамдар деп сыпаттаган.