У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дубайда Кыргызстандын жараны жетекчисин мууздап салды

Дубайда 21 жаштагы Кыргызстандын жараны өзү иштеген жердеги менеджерди бычак менен мууздап, балка менен башын жарып өлтүргөн деп айыпталууда. Бул тууралуу Gulf News маалымдайт.  
 
Маалыматка ылайык, Аль-Квоз өнөр-жай аймагындагы гаражда иштеген 21 жаштагы Кыргызстандын жараны ошол жерде иштеген менеджерди бычак менен мууздап, андан кийин балка менен башын жарып өлтүргөнү такталды.  
 
Чырдын чыгуусуна кыргыз жаранын Кыргызстанга барып келейин деген суранычына жетекчинин баш тартуусу себеп болгон. 
 
«Кылмышка шектүү жетекчисинен мекениме барып келейин деп суранган. Бирок ал кыргыз жаранынын мекенине барып келүүсүнө каршы болуп, аны жумуштан биротоло кетирип, иштеп жаткан жеринен чыгып кет деген. Чыр ушундан улам чыгып, адам өмүрү кыйылып отурат»-дейт полиция кызматкери. 
 
Кылмыш жасагандан кийин, шектүү өлкөдөн чыгып кетүү үчүн Дубай эл аралык аэропортуна барган, бирок учуулар болгон эмес. Эртеси ал консулдукка барып өлкөдөн чыгып кетүүгө жардам берүүсүн суранган, бирок кылмыш тууралуу айткан эмес. 
 
Расмий маалыматтар боюнча, Дубай полициясы аны консулдуктун жанынан камакка алган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter