У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан коронавирустун божомолдонгон экинчи толкунуна даярдык көрүүдө

Кыргызстанда коронавирустун божомолдонгон экинчи толкунуна карата иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдукаримов билдирди.
 
Министрдин маалыматына ылайык, коронавирус илдетинин божомолдонгон экинчи толкунуна даярдык көрүүдө жеке коргонуу каражаттарын, реактивдер, тест-системалар, дарыгерлер - бактериологдорду даярдоодо маселелери каралууда.  
 
Курч респиратордук вирустук инфекциялардын этиологиясын өз убагында аныктоо үчүн коомдук саламаттык сактоо кызматынын вирусологиялык лабораторияларына реактив жана тест-системаларын сатып алуу үчүн буйрутмалар даярдалууда. 
 
 Коомдук саламаттык сактоонун 1500 адисинин очоктордо 6 ай иштөөсү үчүн керектүү болгон жеке коргонуу каражаттарынын, дезинфекциялык каражаттардын, антисептиктер эсептелип чыгып, каражат бөлүнгөн жана сатып алуу боюнча иш-чаралар жүрүүдө.
 
Сасык тумоону жана Covid-19 илдетинин ПЦР- анализин изилдөө менен диганостикалоо үчүн 15 бактериолог дарыгери окуудан өттү.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter