Улуттук статистикалык комитети: "Эч кандай үймө-үй кыдырып, эл каттоо иши жүргөн жок"
- 12.09.2020, 08:45,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Социалдык тармактардын колдонуучулары эл каттоо кызматынан келдик деп элди алдап, белгисиз адамдар үймө-үй кыдыруу менен алдыдагы шайлоо үчүн маалымат чогултуп жатышат деген маалымат тарап жатат. Буга Улуттук статистикалык комитети жооп берди. Комитеттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда учурда эч кандай эл каттоону өткөрүү боюнча иш-чаралар жүргөн жок.
"
Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" өкмөттүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомуна ылайык, Улуттук статистика комитетинин эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралары 2020-жылдын 23-мартынан тартып 1-апрелине чейин өтө тургандыгы тууралуу маалымдалган. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоо иш-чарасын өткөрүү мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылган", - деп айтылат маалыматта.