Ошто баласынын буту сынгыча сабаган жаранга өкүм чыкты
- 11.09.2020, 16:10,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ош шаардык соту 1984-жылы туулган жарандын кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун буйругунда айтылды.
Ал 2011-жылы туулган уулун өзүнүн аёосуз сабаган. Натыйжада баланын буту сынган. Окуя 2019-жылдын 13-сентябрында саат 16:00 чамасында болгон.
Сот баланын атасын күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан, бирок мунапыс колдонуп, жаза мөөнөтүн үчтөн бирине кыскартты.