У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сокулукта баласын үбөлүк менен жаакка чапкан жаран сот залынан бошонду


Сокулук райондук соту баласын камыр жайган үбөлүк менен жаак талаштыра урган  48 жаштагы жарандын ишин карады. Бул тууралуу соттун буйругу кабарланды.
 
Ал 6 жашар баласын мас абалында үбөлүк  менен жаакка чаап жиберген. Окуя  2020-жылдын 18-майында кечки саат 21:00 чамасында Сокулук айылындагы үйүндө болгон.
 
Айыпталуучунун айтымында, ал ошол күнү үйгө келсе аялы жок болгон. Телефон менен байланышканда аялы баласы менен айдоо талаасына кеткенин билген.  Кечинде алар үйгө келгенде, жубайлар ортосунда уруш чыгып, ачуусу келген күйөө аялын урам деп жатып, кокусунан уулун уруп алган.  
 
Натыйжада, сот аны күнөөлүү деп таап, 2 жыл 6 ай мөөнөткө эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок сот мунапыс колдонуп, күнөөлүү адамды жазаны өтөөдөн бошоткондугу маалым болду. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter