Айнура Акматова: "Ооруп калсаңыздар иш күндөрүн күтпөй, эс алуу күндөрү деле ооруканаларга кайрылыңыздар"
- 11.09.2020, 11:27,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы
Айнура Акматова ооруп калгандардын саны эс алуу күндөрү аз катталып, иш күндөрү көбөйүп жатканын түшүндүрдү.
Анын айтымында илдет жугузуп алгандар эс алуу күндөрү ооруканаларга аз кайрылышат, дарыгерлерге кайрылуу үчүн иш күндөрүн күтүшөт. Мындан улам жарандарга оорунун белгилери байкалаары менен кайрылууну өтүндү.
"Өтүнүч, оорунун кандайдыр бир белгилери байкалса, иш күндөрүн күтүп отурбай, эс алуу күндөрү күнү-түнү атайын ооруканаларга кайрылыңыздар" дейт ал.