У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргыз-тажик чек ара маселеси чечилет


Москвада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтүүдө. Анда Москвада КР ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандагы кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен жолукту.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери күн тартибиндеги негизги, актуалдуу маселелерди талкуулашкан. Ошондой эле алар чек ара кызматташтыгын бекемдөөнү белгилеп, чагымчылдык аракеттерди көзөмөлдөө темасына токтолушкан.

"Тараптар коронавирустан улам кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтун сүйлөшүүсүнүн убактысы улам жылып жатканы өкүнүчтүү экенин белгилеп, жакынкы аралыкта жолугушуу өткөрүү зарылдыгын айтышты", — деп кабарланган маалыматта.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter