У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Турмушка чыгып жаткан колукту үлпөт той алдында каза болду

Дагестанда турмуш жолуна аттанып жаткан колукту аябай толкунданып, тынчтантуучу дары ичип үлпөт той алдында каза болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz. жазып чыкты. 
 
Маалыматка ылайык, окуя Дагестандын Мургук айылында болгон. Үлпөт тою болор күнү колукту аябай толкунданып, тынчтантуучу дары ичкен. Бирок анын абалы жакшы болбой эле, тескерисинче, оорлошуп кеткен. Жакындары аны ооруканага алып барышкан. Тилекке каршы, дарыгерлер колуктуну сактап кала алышкан эмес. 
 
Каза болгон колукту Зарема аттуу 23 жаштагы кыз экенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Анын өнөкөт жүрөк оорусу болгон.  Үлпөт той күнү Зармема эсин жоготуп, жыгылып калган. Жакындары ага дары беришкен, бирок абалы оорлошуп кеткендиктен ооруканага алып барышкан. Дарыгерлер колуктунун кан басымы түшүп кеткенин, анын инсульттан каза болгонун айтышкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter