У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дарыгер: "Коронавирусту өз алдынча дарыланганда оор өзгөрүүлөр болуп кетет "


Коронавирус илдетин жуктуруп алган адам өз алдынча дарыланууга болбойт. Бул тууралуу онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев билдирди.

"Коронавирус илдетин дарылоо ооруларды калыбына келтирүү министрликтин көңүлүндө, бул боюнча тынымсыз иштер жүрүп жатат. 4-дарылоо протоколу иштелип чыкты. Буга эң жакшы деген сапаттуу жардам бере турган дарылоо ыкмалары киргизилди. Жаңы протоколдун өзгөчөлүгү ичинде көп тармактуу иштер бар. Мисалы ооруканада жана үйдө жаткандарды кантип дарылоо керек. Ооруган адамдын ден соолугун калыбына келтирүү боюнча өзүнчө бөлүмдөр бар. Бизде Кыргыз өлкөсүнүн аймагында иштегендер маалыматты алып колдонуп башташты. 4-протоколдун негизинде бейтаптар дарыланып жатышат. Илдет менен ооругандар өз алдынча дарыланганга болбойт. Өз алдынча дарыланганда оор өзгөрүүлөр болуп кетет. Ооруган адам дарыгерлердин кеңеши менен дарыланышы керек. Көптөгөн дарылар социалдык тармактарга сунушталып жатат. Бул туура эмес, зыян тийгизиши мүмкүн. Антибиотик дарылары вируска каршы колдоно турган дары эмес", - деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter