Төө-Ашуудагы тоннель бир күндө эки маал жабылат
- 04.09.2020, 19:25,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
К. Көлбаев атындагы Төө-Ашуудагы тоннель күнүнө эки жолу жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
4-сентябрдан 30-сентябрга чейин тоннелде видеокамераларды орнотуу иштери жүргөндүктөн бир күндө эки жолу бир жарым сааттан жабылып турат.
Тоннелдин иштөө режими:
— 08:00-09:30 — оңдоо иштери жүрөт (жабык);
— 09:30-14:00 — унаалар өткөрүлөт (ачык);
— 14:00-15:30 — оңдоо иштери (жабык);
— 15:30-08:00 — унааларды өткөрүү (ачык).