Түркияда коронавирус кайрадан күчөй баштады
- 03.09.2020, 14:04,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 2-сентябрда өткөргөн басма сөз жыйынында өлкөдө коронавирус эпидемиясынын биринчи толкунунун экинчи фазасы башталганын жана өлкөдөгү курч жагдай тууралуу айтты.
«
Пандемия уланып, күн сайын вирус жуккан учурлар көбөйүүдө. Биринчи толкундун экинчи фазасын баштан өткөрүп жатабыз. Анкара, Стамбул, Измир, Бурса шаарлары дагы эле кооптуу», - деди министр.