Түндө учактар менен вирус таратуучу дары чачып жатышабы? Министрликтин жообу…
- 24.08.2020, 11:03,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы күндөрү самолет менен түнкү убакта вирус тарата турган дары чачып жатат деген аудио билдирүү WhatsApp аркылуу тарап, коомчулукту дүрбөлөӊгө салууда. Бул билдирүү чындыкка дал келбей турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.
WhatsApp аркылуу тарап жаткан аудио билдирүүдө: «Бүгүн түндө самолет аркылуу вирус тарата турган дары чачат экен. Балдарды эшикке чыгарбагыла, кечинде терезелерди жаап жаткыла, дары чачуу үч күнгө чейин уланат. Бул жолу балдарга оору жугат экен. Ошол себептен балдарга сак болгула. Менин эжем 2-төрөт үйүндө дарыгер болуп иштейт. Ал азыр ооруканаларга балдар керебеттерин даярдап жатыптыр деп айтты»- деп айтылат.
ӨКМ жарандардан такталбаган маалыматты жайылтпоону суранат жана дезинфекциялык иш-чараларды самолет менен эмес, жолдо жүрүүчү атайын техникалардын жардамы менен жүргүзүшөт экенин маалымдайт.