Кайрадан расалык бөлүнүү...АКШда полиция кара түстөгү адамды атып, эл кайра көтөрүлдү
- 24.08.2020, 09:49,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
АКШнын Луизиана штатынын Лафайет шаарынын тургундары нааразычылык акциясына чыгышты. Буга полиция кызматкерлеринин кара түстөгү жаранды аткандыгы себеп болгон.
Жаңы эле расалык бөлүнүүдөн тутанган отту араң баскан АКШ бийлиги үчүн бул дагы бир жолу урулган сокку болду. Анткени бири-бирине ызырынып турган эл кайрадан толкуй баштады. Каршылык акциясына чыккан эл күнөөлүүлөрдүн жазасын берүүнү өтүнүшүүдө.