Ош шаарындагы өзбек улуттук борборунун президенти Рашидхан Хожаевдин айтымында, берилген жардамдын жалпы суммасы 6 млн сомду түзөт.
«Жардам колун сунган жарандар – Ош шаары жана Ош облусунун тегерегиндеги боордоштор. Буга чейин аймактарда бир катар обсервацияларды ачканбыз. Биз муну менен токтоп калбайбыз. Дагы жардамдар берилет. Акциябызды башка облустарда дагы улантууну көздөп жатабыз», - деди Рашидхан Хожаев.