У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Минскте камалгандардын арасында кыргызстандыктар да бар


Беларусиянын баш калаасы Минск шаарындагы баш аламандык учурунда кармалгандардын арасында Кыргызстандын жарандары да бар экенин кармалып, кайра бошотулган россиялык журналист Семен Пегов жарыялады.

Анын айтымында, ал отурган камерада кыргызстандыктар да болгон. Кармалган адамдардын тизмеси жок болгондуктан издөө жана табуу иштери кыйыныраак. Ал Кыргызстан, Италия, Түркмөнстандын элчиликтери менен байланышып, жарандары кармалганы тууралуу маалымат берген.

«Кармалгандардын айрымдары кокустан эле туш болуп калган», - деген журналист. 

Анын пикирине караганда камералар толуп калды. Күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү акцияга чыккандар менен катар жөнөкөй эле жарандарды жана журналисттерди да кармап кетишти.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter