24 сааттын ичинде 503 киши вирус жуктуруп, 665 адам айыгып чыкты
- 07.08.2020, 11:16,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда соңку суткада 503 кишиден коронавирус инфекциясы табылганын Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Бир сутка ичинде коронавирус жана ал козгогон пневмония төмөнкү жактарда катталган:
- Бишкек шаарында — 125;
- Ош шаарында — 51;
- Чүй облусунда — 28;
- Ош облусунда — 74;
- Талас облусунда — 35;
- Нарын облусунда — 9;
- Ысык-Көл облусунда — 81;
- Жалал-Абад облусунда — 53;
- Баткен облусунда — 47.
Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын саны 39 162ге жетти.
Ал эми 665 адам коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыкты.