У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ливанда 3 күндүк аза күтүү жарыяланды


Кырсык каш кабактын ортосунда...Тилекке каршы кечээ, 4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарындагы деңиз портунда катуу жарылуу болгон. Ошол себептен Ливанда 3 күндүк аза күтүү жарыяланды. Азыркы маалыматтар боюнча кырсыктын кесепетинен каза болгондордун саны 78ге жетти. Бул жөнүндө чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Бейруттагы ооруканалар бейтаптарга толгон. 4 миңден ашуун адам белгисиз болууда. Аларды издөө иштери жеринде уланып жатат.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандардын саны уламдан улам көбөйүп жатат. 

Ливандын премьер-министри Хассан Диябдын айтымында, жарылуу порттогу 2 миң 750 тонна аммиак селитрасын талаптагыдай сактабагандыктан келип чыккан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter