У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Боронов: «Бардык медкызматкерлер коронавирусту дарылоого даяр болсун»

Бүгүн республикалык штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов лаборант жана врачтардын кадрлар резервин сапаттуу даярдыктан өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
 
«Мейли ал стоматолог, же ортопед болсун, бирок зарыл болгон учурда окуудан өтүп, бекитилген протоколдорго ылайык бейтаптрды коронавирус илдетинен дарылоого даяр болсун. Алгачкы медико-санитардык кызмат көрсөтүү адистерин жаңы клиникалык протоколдоруна ылайык дарылоого онлайн режимде окутуу ишин күчөтүү зарыл. Протоколдорду туура пайдалануу жана тийиштүү дарылоону камсыздоо абдан маанилүү», - деди өкмөт башчы. 
 
Өкмөт башчы белгилегендей, коронавирус инфекциясы менен ооругандарды диагностикалоо жана дарылоо, жеке коргонуу каражаттарын туура пайдалануу, лабораториялык иликтөөлөрдү өткөрүү, иммунопрофилактика боюнча көчмө жана аралыктан окутуу курстары үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. 
 
Учурда алгачкы медико-санитардык кызмат көрсөтүү адистери окуудан өтүүдө. Буга чейин 18 миңден ашуун адис квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүштү. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter