У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кайын энем пенсияга чыгып алайын, балаңарды мага жаздырып бергиле деп жатат...


Кайын энемдин 3 кыз, бир уулу бар. Тагыраагы апабыз биз менен турат. Кыздары шаарда турушат. Кайын атам каза болуп калган. Неберелерине күйүмдүү. Биздин 1 кыз бир уулубуз бар. Балдарымды колумдан талашып, аябай карап, чын дилинен жакшы көрөт. Элдин кайын энелериндей заарын чачып, кагып-силкпейт.

Быйыл бул үйгө келгениме 5 жыл болуп бара жатат. Улуу балам чоң энесин өзгөчө жакшы көрөт. Каякка барбасын ээрчитип, жанынан чыгарбайт. Мен буга аябай сүйүнүп, жакшы жерге туш болгонума ыраазы болуп келе жатам. Бирок жакында эле апабыз жолдошума "улуу балаңды мага жаздырып бербейсиңби, пенсияга чыга албай жатам, дагы күтүш керек экен, мен теңдүү 5-6 баласы барлар эрте эле чыгышты" дептир.

Жолдошум да ойлонуп алыптыр. "Апам баланы алып бир жакка кетип калмак беле" дейт. Аябай жаман болуп жатам. Ушундай да болобу? Эмне дешти билбей турам. Жолдошум болсо менин капа болгонумду көрүп мага таарынып жатат. "Илгери балдарын апаларга берип деле коюшчу, сенин жаныңда эле жүрөт го"дейт....Ким мындай абалга туш болду эле? Кеңешиңиздер керек...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter