У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жолдошум бир туугандарың үйгө келбесин дейт. 7 жылдан бери үйдө отурам, иштетпейт


Турмушка чыкканыма 7 жылдын жүзү болду. Жолдошум өзүмдөн 15 жаш улуу, мурда үйлөнүп, турмуштан жолу болбогондуктан ажырашып кетиптир. Бишкектин чок ортосунда жашайбыз, үй-жайыбыз, чакан бизнесибиз бар.

Жолдошум кайын энемдин жалгыз баласы. Кайын энем жаш кездинде күйөөсү менен ажырашып кеткендиктен жолдошумдун туугандары менен катышпайт экен, тааныбай калыптыр. Кайын энем мамлекеттик кызматкер, азыр пенсияда, бирок иштейт. Өтө таза, талаптуу катуу койгон аял. Мен бул үйгө келин болуп келген биринчи күнү эле тазалыкты сүйөөрүн айтып, менин кызматым үйдө болуу, бала төрөө экенин эскерткен.

Мен жолдошумдун экинчи жолу үйлөнүп жатканын билип, турмушка чыккандан кийин иштебейсиң дегенине деле макул болуп чыккам. Себеби жетим кызмын. Атам да, апам да жаш кезинен эле кайтыш болуп калышып, тай энемдин колунда өскөм. Окууну бүткөндө шаарга келип,тай эжемдикинде туруп калдым. Иш издеп жүрүп, дүкөнгө сатуучу керек деген жарнаманы окуп калып, ишке кирдим. Көрсө дүкөндүн ээси азыркы жолдошум экен.

1 жыл иштедим, бул аралыкта менин тек-жаатымды сурап, байкап жүргөн окшойт, колумду сурады. Өзү намаз окуйт, мени да жоолук салын деп салындырды. Баш коштук, 2 балалуу болдук. Азыр баары жакшы. Бирок үйдөмүн. Жогорку окуу жайга тапшырайын десем да уруксат берген жок. Өзүмдөн кичүү эки сиңдим бар. Аларды жаныма алып алайын десем макул болгон жок. Кайын энем бир туугандарыңды үйгө чакырба деп жаман көрөт. Жолдошум да үйгө көп киши келгенин жактырбайт. Эч кимдикине барбайт, чакырбайт. Ошол себептен өзүм барып турам. Алар тай энемдин колунда. 7 жылдан бери эч ким менен катышпай, үйүмө чакыра албай, ээн-эркин сыртка да чыга албай кыйналган күндөрүм болот. Бирок чыдайм, өзүм жетим кыз болсом каякка барам?


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter