У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Атылган ак кунастар менен сүрөткө түшкөн жигиттерди милиция издеп баштады


Социалдык тармактарга белгисиз эки жаран ак кунастарды атканы боюнча сүрөттөр тарады. Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Туратбек Сатимбаев билдиргендей, сүрөттөгү жарандарды таап, аларга чара көрүү үчүн 3-август күнү Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына кайрылышкан.

Учурда атылган ак кунастар менен сүрөткө түшкөн жигиттер издөөгө алынды.

«Сүрөттөгү канаттуулар — ак кунас (белый аист), Кыргыз Республикасынын кызыл китебине катталган. Өкмөттүн 2013-жылдын 3-майындагы 224 токтомуна (өкмөттүн 2017-жылдын 18-августундагы 501 токтому) ылайык, атылган ар бир ак кунас үчүн айып пул 30 миң сомду түзөт. Канаттуулар Жалал-Абад облусунун аймагында атылышы мүмкүн», - деди Сатимбаев.

Сүрөттөрдөгү маалыматтарга караганда, 5 баш ак кунас атылган.

Булак- Турмуш кж.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter