Коронавирустун курмандыгы болгондорго Ата-Бейитте куран окулду
- 30.07.2020, 09:58,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде коронавирустун курмандыгы болгон кыргызстандыктардын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы болуп, каза болгондорго багышталып куран окулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максат Токтомушев катышкан.