Өлкө боюнча 525 миӊ 105 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлгөн
- 29.07.2020, 16:03,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
2020-жылдын 29-июлуна карата республика боюнча 525 105 муктаж болгон үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев билдирди.
Көрсөтүлгөн жардамдар:
Жергиликтүү бюджет – 64497;
Демөөрчүлүк жардам – 285538;
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсеби – 26616;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому (200 млн.сом) - 148454.
Маалыматка ылайык, гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаардык администрациянын алдындагы атайын түзүлгөн комиссиялар тарабынан жүргүзүлгөн.