У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус жана пневмония илдети менен ооруп айыккандар кандай эрежелерди сакташы керек?

Коронавирус жана пневмония илдети менен ооруп айыккан бейтаптардын ден соолугу көпкө чейин мурдагы калыбына келбейт. Ооруну жеӊген жарандар ден соолугун чыӊдоо үчүн белгилүү бир убакытка чейин атайын эрежелерди сактоосу зарыл. Бул тууралуу 29-июлдагы брифинг учурунда Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева билдирди. 
 
«Коронавирус илдети менен ооруп, ооруну жеӊген бейтаптарда алсыздык көп байкалып жатат. Бул деген ден соолук толугу менен калыбына келе элек дегенди түшүндүрөт. Ооруп айыккандар ден соолукту чыӊдоого өзгөчө көӊүл буруусу керек. Ал үчүн витаминдүү, анын ичинен курамында С витамини көп болгон жашылча-жемиштерди көп колдонууну сунуштайбыз. Кайнатылган, бууга бышкан тамактарды жеп, куурулган, туздуу, ачуу тамактардан алыс болууга чакырабыз. Албетте, таза аба, кыймыл организмдин калыптанышына чоӊ жардам берет. Күнүгө 30 мүнөт таза абада сейилдеп, көп кыймылда болуу талап кылынат»-деди Алтымышева. 
 
Ошондой эле «Ооруну жеӊген бейтаптар өз убагында, 8 сааттан кем эмес уктап, санитардык эрежелерди сактап, эл көп чогулган жерлерден алыс болуп, көчөгө чыкканда дайыма беткап тагынышы керек. Пневмония болуп айыккандар дайыма дем алдыруучу гимнастикаларды жасап турушу шарт»-деп кошумчалады ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter