Жалпысынан 1 миӊ 595 медкызматкер вирусту жеӊди
- 29.07.2020, 11:38,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
29-июлга карата акыркы бир суткада 20 медкызматкер вирус жуктуруп алды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Ош шаарында-1, Ош облусунда — 1, Чүй облусунда— 10, Жалал-Абад облусунда — 6, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда— 1.
Акыркы бир сутка ичинде стационарлардан 7, үй карантининен – 68 медкызматкер айыгып чыкты.
Республика боюнча жалпысынан 2 миӊ 711 медкызматкер вирус жуктуруп алса, анын ичинен 1 миӊ 595 медицина кызматкери айыгып чыкты.