15-июлда 105 медкызматкер вирус жуктуруп алды
- 15.07.2020, 10:53,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда 105 медкызматкер вирус жуктуруп алды. Бул тууралуу 15-июлда Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Бишкек шаарында— 25, Чүй облусунда— 13, Ош шаарында— 19, Ош облусунда— 14, Ысык-Көл облусунда— 8, Баткен облусунда— 21, Жалал-Абад облусунда— 5.
Акыркы бир суткада стационарлардан 6 медкызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 вирусу 1980 медицина кызматкери ооруп, анын ичинен 576сы айыгып чыкты.