Ош – Сары-Таш – Эркечтам автожолун суу каптады
- 29.07.2020, 10:42,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кечээ 28-июль күнү түштөн кийин Ош – Сары-Таш – Эркечтам автожолунун үч бөлүгүндө сел жүрүп, анын кесепетинен Сопу-Коргон—Терек жолу да жабылган. Транспорт жана жол министрлигинин маалыматына караганда, жалпы көлөмү 1500 куб. метр болгон селдин бийиктиги айрым жерлерде 2 метрге чейин жеткен.
Министрликтин жумушчулары тазалоо иштерин жүргүзгөн соң, 29-июлга караган түндө жол ачылды. Азырынча селден жапа чеккендер тууралуу маалымат жок.