У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ДССУ: Жарым жылда коронавирус 16 миллиондон ашык адамды буттан чалды


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму  коронавирус пандемиясынын жарым жылдыгына байланыштуу ыкчам жыйынга чогулат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. 
 
"ДССУ коронавирусту жалпы саламаттык сактоо тармагында эл аралык мааниге ээ өзгөчө кырдаал катары жарыялаганына ушул бейшембиде туура жарым жыл болот. Эл аралык эрежелерге ылайык, мен бул жумада ыкчам комитетти кайрадан чогултам. Алар коронавирус пандемиясы боюнча кырдаалга баа берип, мага тийиштүү кеңештерин сунушташы зарыл", — деди башкы директор Тедрос Адханом Гебрейесус.
 
Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирус инфекциясын 16 миллион 497 миң 310 адам жуктуруп алгандыгы аныкталды.
 


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter