Балбак Көлгө барды, Акылбек Өкмөткө келди
- 27.07.2020, 09:54,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акылбек Осмоналиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп, Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганын министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.
Эске сала кетсек, буга чейин Акылбек Осмоналиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келген. Анын ордуна дайындалган Балбак Түлөбаев Бишкек шаардык мэриянын аппарат башчысы болчу.