У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ош шаарында ооруканаларга кайрылган бейтаптардын саны азайды

Ош шаарында дарыгерлердин жардамына кайрылган бейтаптардын саны эки-үч эсе азайды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 22-июлда брифинг учурунда билдирди.
 
Анын айтымында, учурда ооркуналарда 556 бош орун бар. Бирок бул статистика шаарда эпидемиологиялык кырдаалдын турукташканынан кабар бербейт. Абал дагы деле оор. 
 
"Акыркы эки-үч күндүн ичинде медицина кызматкерлердин жардамына кайрылгандардын саны азайды. Буга чейин «Тез жардам» кызматына күнүнө 250-300 адам кайрылган болсо, акыркы бир суткада 117 чалуу түшкөн. Ошондой эле кеӊеш сурап 118 номуруна буга чейин 300-400 кайрылуу болсо, өткөн суткада 147 адам чалган", — деди Сарыбашов.
 
Ош шаарында коронавирус илдетин жуктурган адамдардын жалпы саны 1 470ке жетти, анын ичинен 660 адам айыгып чыккан, 22-июлда 34 учур катталды. Облус боюнча 55 бейтап каза болгон. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter