У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сапаргүл Абдинабиева: "Бүгүн Улан арабыздан кеткенине 2 жыл болду. Ошол коркунучтуу күндү эстегим да, оозангым да келбейт"


Бүгүн 22-июлда белгилүү журналист Улан Эгизбаевдин дүйнөдөн өткөн күнү. Ал 2 жыл мурда дал ушул күнү кырсыктан улам көз жумган. Жубайы Сапаргүл Абдинабиева жолдошун эскерди.

"Бүгүн Улан арабыздан кеткенине 2 жыл болду. Ошол коркунучтуу күндү эстегим да, оозангым да келбейт. Сенсиз калган тирүүлүктүн жолу оор, сагынычтуу болсо да уланып жатат. Канчалык баарын убакыт жеңет дешкен менен, сенин өмүрүңө чыкпай калган КҮНдүн нуру, аптабы дале болсо бир жагымды өрттөп, куйкалап турат. Жашырганда эмне! Бирок сенин артыңда өзүңө окшош бир кичинекей өжөртайдын бар экенине рахматым чексиз. Аны көргөндөр “Уландын эле өзү экен уулуңар” деген сайын шерденип, сенин өмүрүң менин эле жанымда, аны менен уланып жаткандай кубанып алам... Көздөрүнө карап алдыда бизди жакшы күндөр күтүп турганына дагы даанараак ишенип, алаксып, эзилем... 

Баса, ал арада айылыңдамын, атам, апам, Белектай жакшы. Айыл, жашоо, өзүң курган короо жай баары ордунда. Бүгүн сага Куран окутабыз. Кечээ эжемдер менен боорсок жасап жатып “Ушул боорсокту тойго жасасак эмне?!” деп бир жашысак, “Белек сенин сүрөтүңдү ары-бери АТА деп көтөрүп жүрсө бир ыйлайбыз... Ар бир кыймылыбызда сени эстейбиз, Улан! Жарабыз айыга элек. Сени баарыбыз сагындык!"
деди Уландын жубайы.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter