У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жалгыз жашаган карылар кантти экен? Ыктыярчылар ооруп калгандарды үйүнөн дарылап жатышат


Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай Коомунун ыктыярдуу тобу коронавирус инфекциясынын белгилери байкалган  карыларды үйдө көрө баштады. Алар кан басымын, ден соолугун текшерип, аларды көзөмөлдөп турууга жардам берүүдө.  Бул тууралуу аталган уюм маалымат булактарына билдирди.
 
Ыктыярчылар жана кызматкерлер Бишкектеги жалгызсыраган кары-картаңдарга кол сунууда. Алардын пандемия маалындагы абалын билип, медициналык жардам, психологиялык колдоо көрсөтүп жатышат. Биздин көзөмөлдө тургандардын катарында коронавирустук инфекциянын толук белгилери барлар жана ооруп калбасам экен деп аябай тынчсызданып, санааркап жаткандар да бар", - деди карыларга жардам берүү демилгечилери.
 
"Эгер сиздин жанында жалгыз кары адам, майыптыгы бар жаран же айыкпас оорусу бар адам жашаарын билсеңиз, анда ар тараптуу жардамга, анын ичинде психологиялык колдоого муктаж адамдар болсо, 0502300190 номерине чалыңыз. Бири-бирибизге кам көрүү менен, биз бардыгын жеңе алабыз" – дейт ыктыярчылар.
Мурдараак  уюмдун кызматкерлери шашылыш тез жардамга муктаж жарандарга да бараарын кабарлаган. Мобилдик топ толук жабдылган, тез жардамда кычкылтек концентратору, пульсоксиметр, дем алуу баштыгы жана башка шаймандар бар. Команда эки адамдан жана бир айдоочудан турат.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter